Бүгүн кесиптик-техникалык билим берүү маселесине арналган улуттук семинар болуп өттү

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

“Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын жаматтык жетектөөсүн аймактык деңгээлде жакшыртуу” темасында болуп өткөн улуттук семинарда  Чүй областынын мисалындагы иш-аракеттер талкууга алынды.

Кесиптик-техникалык окуу жайлары менен иш берүүчүлөр бүгүн Эл аралык эмгек уюмунун “Жыйырма тобунун адистерди кесиптик жактан даярдоо стратегиясын пайдалануу” долбоорунун алкагында жолугушту. Жамааттык жетектөө – бул өз ара макулдашуу менен бирге кызматташып иштешүү, иш берүүчүлөр,эмгектенүүчүлөр, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын биргелешкен аракеттери дейт уюштуруучулар. Улуттук семинарга Россия Федерациясынан,Армениядан жана Тажикстан республикасынан да эксперттер келишкен. Кыргызстандын аймагынан болсо Чүй облусунун иш берүүчүлөрү, айыл-чарба тармагында эмгектенгендер жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын адистери чакырылган.

Кесиптик-техникалык билим берүүнү жамааттык жетектөө маселеси окуу жайларда билим алган жаштардын саны жана окуу сапаты жергиликтүү мекеме-ишканалардагы жумушчу күчтөрдүн саны менен салыштырылып,жеке мисалдар талкууланды.   

Ой-пикир кошуу

кирүү