Бишкекте “Эл аралык билим берүү” көргөзмөсү өтүп жатат

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн “Парк Отель” мейманканасынын чоң залында чет элден билим алгысы келгендер үчүн чоң көргөзмө болуп өттү.

Ага Европанын,Американын,Россия Федерациясынын жана башка Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары катышып, Кыргызстан жаштары үчүн өздөрүнүн окуу жайындагы түзүлгөн шарттары жана окуу процесстери туурасында маалымат беришти. Уюштуруучулардын айтымында бүгүнкү көргөзмөгө дүйнө өлкөлөрүндөгү 40ка жакын абройлуу жогорку окуу жаййларынан атайын өкүлдөр келишкен. Мындай көргөзмө Кыргызстанда алтынчы жолу өтүп жатат.

Кыргызстандык жаштарга 40ка жакын чет элдик жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү келип ""Эл аралык билим берүү" көргөзмөсүн уюштурушууда.

Опубликовано Altysha Lv Вторник, 2 октября 2018 г.

Бүгүнкү көргөзмөгө Австрия,Германия,Европа биримдиги,Канада,Кипр, Латвия,Малайзия,Польша,Россия Федерациясы,Румыния,Сингапур, Словакия,Америка Кошмо Штаттары,Филиппин,Франция,Хорватия, Чехия,Швеция жана Эстониянын жогорку окуу жайларынан өкүлдөр келген.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү