Корея Республикасында дагы бир жаңжал

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилиги дагы бир жагымсыз окуя боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кореялык импорттоочулар ассоциациясы Сеулда жыл сайын өтүүчү эл аралык Import Goods Fair аталышындагы көргөзмө-жарманке уюштурган. Мындай жолугушууларда өз продукциясын Кореяга импорттогусу келген компаниялар алака түзүп мамиле кылууга макулдашышат. Кыргызстандан башка ири компаниялар менен биргеликте Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сунушу менен “Кыргыз Республикасынын курорттор ассоциациясы” да Кореяга барган. Маданият,маалымат жана туризм министрлигине шилтеме берип Тышкы Иштер министрлиги Кыргыстандан барган “Курорттор ассоциациясын” Мирлан Усубалиевтин жетекчилиги астында Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбековтор тааныштырмак экен. Ушуга байланыштуу жогоруда ысымдары аталган жарандарга Кореядагы элчилик тараптан виза ачуу жардамы көрсөтүлгөн. Ага карабай Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбековтор Кореяга барганы менен Кыргызстанга кайтып келген эмес. Корея Республикасы Кыргызстандын бул жарандары Кореянын миграция боюнча мыйзамын бузгандыгын билдирген. “Айрым жарандардын мындай кадамдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына болгон ишенбөөчүлүктү пайда кылып, өлкөбүзгө терс таасирин тийгизүүдө”-деп жазылат Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилиги тараткан маалыматта. Ошондой эле “Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Мамлекеттик органдар эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга өз кызматкерлерин жөнөтүп жатканда тыкыр текшерүүгө алышы керек”-дейт басма сөз кызматы.

Жогоруда ысымдары аталган Кыргызстандын жарандары “Кореядан өз өлкөсүнө кайткан жок”-деп Корея Республикасынын тийиштүү органдары элчиликке кабарлаган. Алардын маалыматында Кыргызстандык эки жарандын визасынын мөөнөтү 2018-жылдын 19-сентябрында аяктаган.

Юстиция министрлиги берген маалыматка ылайык “Кыргызстандын курорттор ассоциациясын” “Ыссык-Көл брэнд” коомдук фонду негиздеген.

Ой-пикир кошуу

кирүү