Жаңы түзүлгөн телерадиоуюмдар ассоциациясынын бет ачаары болду

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

2018-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда жаңы телерадиоберүү ассоциациясы түзүлдү.

Кабар маалымат агенттигинде болгон пресс-конференцияда Маданият,маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Кыргызстан санариптик берүүгө өткөндөн бери жаңы мыйзам иштеп жатканын айтып, ага ылайык 50пайыздан кем эмес телекөрсөтүүлөр мамлекеттик тилде көрсөтүлүшү керек жана 50 пайыздан кем эмес контент ата-мекендик продукция болушу зарыл деди. Маданият,маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында бүгүнкү күндө 553 уюмга эфирге чыгууга уруксат берилген.

Жаңы түзүлгөн Телерадиоуюмдар ассоциациясы телерадиоиндустрия рыногунун абалын изилдеп талдай турганы жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн сунуштамаларды иштеп чыгаары пресс-конфекренцияда айтылды.Учурда ассоциациянын курамына бир нече ири телеканалдар киргендиги маалым болду. Телерадиоуюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору болуп белгилүү медиаэксперт жана тажрыйбалуу журналист Авланбек Жумабаев шайланган.

Кабар маалымат агенттигинде болгон пресс-конференция учурунда Кыргыз Республикасынын маданият,маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жаңы түзүлгөн Телерадиоуюмдар ассоциациясы менен кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшту.

Кызматташып иштөө боюнча коюлган келишимдин максаты Тв жана радиолордун жогорку сапаттагы ата-мекендик контентин өндүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүүнүн, теле жана радиоберүүлөрдүн ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам базасын жакшыртуунун үстүндө биргелешип иштөө болуп саналат.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү