Бишкекте майыптардын укугуна байланыштуу бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук угуулар болуп өттү

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргогон Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Ден-соолук жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жана кепилдиктер” мыйзамына, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү” деген Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Дене  тарбия жана спорт”, “Туризм жөнүндөгү” КРнын мыйзамына жана “ Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен кошумчаларды киргизүү боюнча кызуу талкуу жүрдү.

Коомдук угууларга ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү,министрликтер менен мамлекеттик органдардан келишип, киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Эмгек орундарына квота берүү,ишке орноштуруу боюнча маалымат базасын түзүү жана да майыптардын андан ары иш таап кетүүсү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын билим алуусуна тиешелүү маселелер кызуу талкууну жаратып,ага ар бир майып активдүү катышып,бул көйгөйлөр боюнча ар бир майып өз ой-пикирин билдирди.

“Ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жана кепилдиктер” мыйзамы менен Эмгек кодексиндеги майыптар жөнүндөгү беренелер учурдун талабына жооп бербегендиги айтылып, аларды кайрадан карап чыгыш керектиги белгиленди. Өзгөчө майып жарандардын ишке орношуусунда Эмгек кодексинин бардык  беренелери бузулуп, кодекс иштебей жатканы айтылды.

Ишке орношууда эмгекке жарамдуу эместигин далилдеген тактамаларды сурап дискриминациялабоо,жеке ишканалардагы квотаны 4 пайызга чейин төмөндөтүү сыяктуу маселелер сунушталды.

Жаңы өзгөртүүлөр менен толуктоолордо Өкмөткө жана өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына майып жарандардын инфраструктурага жетүүсүн жана аны тоскоолсуз пайдаланышын камсыз кылган кеңеш түзүү сунушу жазылган.

Ой-пикир кошуу

кирүү