Бишкекте Парламенттик Ассамблеянын кеңири курамдагы чоң конференциясы өтүп жатат

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү 17-жыйыны өз ишин улантып, Борбор Азиядагы жана андан тышкаркы аймактардагы коопсуздук маселеси талкууланууда.

“Борбордук Азиядагы жана андан сырткаркы аймактардагы коопсуздук маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө көмөк көрсөтүү” темасындагы кеңири курамда өтүп жаткан парламенттик чоң конференцияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы жөнүндө сөз жүрдү. Жайылтылган конференцияны ЕККУ ПА төрагасынын орун басары Кари Хенриксен айым алып барууда. Кыргызстан,Казакстан жана Тажикстанда иштеген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ишмердиги туурасында сөз болуп, ар бир өлкөдө жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча адистер коопсуздук маселеси боюнча өз сунуштарын айтышты.

Бүгүнкү сессияда негизги доклад жасаган Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер министри Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө коңшу республикалар менен чегараларды делимитациялоо маселесин айтып, аймактык инфратүзүмдү өнүктүрүү, интеграцияны кеңейтүү жана суу-энергетикалык ресурстарды колдонуу маселелерине көңүл бурууга чакырды.

“Ишеним арттыруу менен аймактык кызматташтык аркылуу чегарага жакын райондордогу коркунучтар менен жаңы чакырыктарга каршы күрөшүү” темасында өткөн биринчи сессияда заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө аймактык кызматташуу чоң мааниге ээ экендиги айтылды.

“Жер ортолук деңиз форуму Борбор Азия жана Жер ортолук геосаясаты: миграция, соода жана айлана-чөйрө көйгөйлөрүн чечүү” темасындагы экинчи сессия бүгүн түштөн кийин болуп өтөт.

Ой-пикир кошуу

кирүү