Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Бишкектеги күзгү жыйыны өз ишин баштады

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) биринчи жыйынын ачылышы болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков,Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели катышты.

Бишкекте өтүп жаткан ЕККУ ПАнын күзгү жыйынына Европа, Азия, Америка континенттериндеги 46 мамлекеттен 150дөн ашуун парламентчилер чакырылган.ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели мырза күзгү жыйынды ачуу аземинде бул иш-чараны уюштурган Кыргыз Республикасынын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирди. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоого байкоочу катары келгенин эске салып, Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктардын сакталышы менен өнүгүү жолунда бара жатканына күбө болгонун айтты.Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү маалыматтык согуш,миграция,коопсуздук жана улутчулдук маселелери курч тургандыгын белгилеп,бул багытта ЕККУ ПАнын ортосундагы байланыш жана тыгыз аракеттенүү иш-чараларын көбөйтүү керек деди.Георгий Церетели мырзанын айтымында түрдүү чыр-чатактар чыгып жаткан аймактардагы жаңжалдарды парламенттик дипломатия жолу менен чечип,тынчтыкты орнотууга басым жасаш керек.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясы бул эл аралык уюмга кирген өлкөлөр ортосундагы парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат. Анын алкагында өлкөлөрдөгү шайлоо процесстерине байкоо салынып, саясат, экономика, коопсуздук, адам укугу жана айлана-чөйрө тармактарындагы өлкөлөр аралык милдеттенмелердин аткарылышы боюнча эл аралык деңгээлдеги кызматташтыкты бекемдейт. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны Бишкекте 3-октябрдан 6-октябрга чейин өткөрүлмөкчү.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү