Махабат Мавлянова: ”Кытайлык туристтерди Кыргызстанга визасыз киргизе берели”

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Мындай сунушун бүгүн парламенттик жыйын убагында “Республика- Ата Журт” фракциясынан депутат Махабат Мавлянова билдирди.
Депутаттын сунушу боюнча Кытайдан келген туристтик топторду визасы жок эле өлкөгө киргизе бериш керек. ”Анткени, коңшу Казакстан менен Россия Федерациясы көп жылдан бери кытайлык туристерден виза талап кылбай эле аймагына киргизип келет”-деди
депутат айым.

Депутаттын айтымында Казакстан менен Россияга кытайдан келген туристтик топторду кабыл алган компаниялар алардын кайра өз өлкөсүнө чыгып кетиши үчүн жоопкерчиликти алышат.”Биз эмне үчүн ушундай потенциалды пайдалана албайбыз?”-деди Махабат Мавлянова. Депутат айым миграция жана атйын кызмат мекемелери турист болуп келген кытайлык жарандарды Кыргызстанда калып калчу кылмышкер катары карабай,алардын кайра Кыргызстандан чыгып кетишин көзөмөлдөп, камсыз кылсак неге болбоорун айтты.

Улуттук коопсуздук комитети жана миграция кызматы Махабат Мавлянованын сунушуна азырынча жооп бере элек. Чегара кызматы берген расмий маалымат боюнча 2016-жылы 2 миллион 900 миң чет өлкөлүк туристтер Кыргызстанга келип кеткен.

Ой-пикир кошуу

кирүү