Сейрек кездешүүчү жаныбарларга мергенчилик кылууга мораторий жарыялоо

Парламентарийлер тарабынан “Кыргыз Республикасында айрым жаныбарларга мергенчилик кылууга тыю салуу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору коомдук угууга жөнөтүлдү. Бул мыйзам долбоор боюнча 2020 жылдан 2030-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагында тоо койлору-аркарларга, тоо эчкилерине, бугуларга, маралдарга жана камандарга мергенчилик кылып  атууга мораторий жарыяланат

Бул мыйзам долбоорду  Э. Байбакпаев, Ж. Акаев, А. Алтыбаева   Г. Асылбаева, А. Абжалиев жана башкалар демилгелешкен.

Мыйзам долбоорго берилген тактама-негиздемеде 2015-жылы Бишкекте ак илбирсти сактап калуу максатында бүткүл дүйнөлүк  форум болуп өткөнү жазылган. Мурдагы советтер союзуна кирген республикалар ичинен ак илбирс көбүнесе Кыргызстанда жашайт.  Акыркы 22 жыл ичинде бул сейрек кездешчү жаныбар эки эсеге азайып кеткен. Ошол бүткүл дүйнөлүк форумдун жыйынтыгы менен 2014-2020-жылдар аралыгында ак илбирстин экосистемасын сактап калуу боюнча глобалдуу программа кабыл алынган. Ал долбоорду каржылоо фондунун көлөмү 190 миллион долларды түздү.

Бирок, экологдордун ою боюнча бул көйгөйдү чечүүдө комплекстүү  ыкмалар талап кылынат.Ак илбирстин тегерегинде гана бир тараптуу иш-чараларды аткарбашыбыз керек дешет алар. Ак илбирс тамак-аш пирамидасынын эң үстүндө турат. Ак илбирстин бар болушу жана анын көбөйүшү – бул туруктуулуктун көрсөткүчү жана биолгиялык системанын нормалдуу жашашын көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө илбирстердин негизги жеми болгон аркарлар менен башка ача туяктуу жаныбарлардын акыбалы өтө начар. Аларды мергенчилер да жөн койбой жатышат. Жапайы  мергенчиликтин айынан өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө ача туяктуу жаныбарлар калбай калган. Ысык-Көл менен Нарын областында 20 дан ашпаган аркарлардын үйүрлөрү калган. Изилденген 17 миң километр жердеги орточо сыйымдуулук менен эсептегенде 1 квадрат километрге 1ден ашпаган теке менен аркар туш келет. Бул- нормалдуу сыйымдуулуктан 20 эсе аз дегендикти билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына ылайык Марко Поло коюнун, тоо эчкисинин, сибир бугусунун жана маралдардын саны 2015-2017-жылдары төмөнкүчө болгон:

п/п

Жылдар Марко Поло тоо кою Марал Тоо эчки Сибирская

косуля

1. 2017 13 522 397 39 503 3 720
2. 2016 13 639 458 46 638 6 367
3. 2015 14 067 472 47 668 6 452

Жогорку Кеңештин дарегине жапайы мергенчилик менен мергенчилик кылуу жайларын чет элдиктер менен жеке адамдар ижарага алып чектен чыккан мыйзам бузууларга барып жатканына каршы чара көрүү боюнча бир нече уюумдардан кайрылуулар келип түшкөн. Депутаттарга “БИОМ” экологиялык кыймылы коомдук бирикмеси, «Грин Кыргызстан» (Green Kyrgyzstan), «Кыргыз эл жаштар кеңеши» жана кайдыгер эмес активисттер кайрылышкан. Эгерде демилгеленип жаткан мыйзам долбоор эл өкүлдөрү тарабынан жактырылып кабыл алынса, анда ал мыйзам 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган жаңы кылмыш кодексине ылайык, сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларга мыйзамсыз мергенчилик кылууда жоопкерчилик каралган. Бул учурда мыйзам бузган жаран 120 000 ден 300 000 сомго чейин айып пулга жыгылат же бир жыл алты айдан  5 жылга чейин 40 000 ден 140 000 сомго чейин айып пул төлөп эркинен ажыратылат.

Ой-пикир кошуу

кирүү