Сооронбай Жээнбеков: ”Парламенттик ири форумдун Бишкекте өтүшү демократиялык салттардын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт”

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бул тууралуу президент Бишкекте өз ишин башатаган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйынынын ачылышында айтты.

Президент өз сөзүндө учурда Кыргызстанда реформалар башталганын жана коррупция менен күрөшүү жүрүп жатканын айтты. ЕККУ ПАнын жыйынында карала турган маселелер жана Борбордук Азия жана андан сырткаркы өлкөлөрдүн коопсуздугу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин айтты.Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтык мамилелер жаңы баскычка чыкканын айтып,өлкө башчылары терроризм жана экстремизм сыяктуу учурдун көйгөйлүү маселелерин өз ара талкуулап жатышканын белгиледи.

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы ЕККУ ПАнын күзгү жыйналышынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков келген конокторду Парламенттер ассамблеясынын 17-жыйыны менен куттуктады. “Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп парламенттик демократияны өнүктүрүү жолуна түштүк.Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңеш тарабынан өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө иш милдеттерин өркүндөтүү жана эл аралык байланыштарды бекемдөө боюнча иш-аракеттер үзгүлтүксүз жүрүп жатат”-деди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков.

Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын  күзүндөгү 17-жыйыны үстүбүздөгү жылдын 3-октябрынан 6сына чейин Бишкекте өткөрүлмөкчү.Эртең Бишкетеги Дамас мейманканасында ири форум өз ишин улантат.

Ой-пикир кошуу

кирүү