Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
“Лидер” жаш футболчулар долбооруна республиканын бардык
аймактарынан таланттуу балдар тандалып алынган. Долбоордун уюштуруучуларынын айтымында азыркы курама командада 25 бала бар. Алар 16 жаштан 21 жашка чейинки бардык 7 областтан тандалып алынган талантуу футболчулар.
Бул жигиттер өспүрүм курактан баштап спорт менен машыгып, өздөрү жашаган аймактагы футбол командасында бир нече жылдан бери ойноп келе жатышат. “Лидер” долбоору дени сак жашоону жаштар арасында жайылтып, жаш футболисттерди издеп тарбиялайт дейт долбоордун уюштуруучусу Замир Казакбаев.
1000ге жакын талапкердин ичинен тандалып отуруп учурда 25 футболчу машыгып жатат. Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрына чейин долбоордун жыйынтыктоочу бөлүгү өткөрүлүп, спортчулар күчөтүлгөн тартипте машыгып, күн сайын футбол талаасында топ тебишет. Ал эми 25-ноябрга чейин жаш футболчулар Түркиянын Аланья шаарында бир ай бою машыгууда болушуп, жергиликтүү футбол клубдары менен беттешүүгө чыгышмакчы.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]