“Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары” III- Эл аралык Ысык-Көл форуму бүгүн Бишкекте башталды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Эл аралык Ысык-Көл форумунун пленардык жыйындар форматына Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Форумда Россия Федерациясынын көркөм академиясынын вице-президенти Андрей Золотов, биринчи Ысык-Көл формунун уюштуруучусу Рустем Хаиров,Евразия жазуучулар бирикмесинин төрагасы Якуп Омар оглу,немец публицитсти Ирмтрауд Гукче, философия илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков, казак жазуучулары Мухтар Шаханов жана Олжас
Сулейменовтор заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовту эскеришти.


“Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары” III-Ысык-Көл форумун бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков ачып, Ысык-Көлдүн жээгинде улана турган форумдун жыйындарынын ишине ийгилик каалады.

Форумдун ишине жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келишкен дүйнөгө белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, культурологдор жана филологдор катышууда. Эл аралык Ысык-Көл форуму 6-7-октябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында уланмакчы.

Ой-пикир кошуу

кирүү