ЕККУ ПАнын Бишкектеги күзгү 17-жыйыны бүгүн жыйынтыкталды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

3-октябрда башталган Европадагы коопсуздук жана
кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү
17-жыйыны жыйынтыкталды.
Бүгүн түшкө чейин ЕККУ ПАнын Бишкектеги күзгү жыйынын
алкагында “Коопсуз коомчулукту түзүүгө жарандардын катышуусун
бекемдөө” темасындагы 3-жыйын болуп өттү. ЕККУнун Бишкектеги
элчиси Пьер Фон Аркс мырза чоң конференциянын катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстандын акыркы жылдардагы парламенттик демократияны калыптандыруусуна бурду. Анын айтымында Кыргызстандын шайлоо системасынын артыкчылыгы 2015чи жана 2017-жылдары болуп өткөн шайлоолордо ачык байкалган.

ЕККУ Парламенттик Ассамблеясындагы Жогорку Кеңештен барган
делегациянын башчысы Иса Өмүркулов өз сөзүндө өткөн окуялардан сабак алып, өз ара ишенимди бекемдөө менен коопсуз коомчулукту курса болоорун айтты. Ошондой эле, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму чөлкөмдөгү көпчүлүк өлкөлөр кирген дүйнөдөгү ири уюм экенин айтып,ЕККУга мүчө болгон мамлекеттердеги парламенттик депутаттар коопсуз коом институттарын түзүүдө чоң жана маанилүү ролду ойнойт деди.

Бүгүн түштөн кийин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык
уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү 17 жыйыны жыйынтыкталды. ЕККУ ПАнын туруктуу комитетинин отурумунда парламентчилер учурдагы эл аралык саясатты талкуулашты. Бул жыйындын алкагында 2018-2019-жылдардагы кийинки жолугушуулар болчу жайлар менен күндөрүн аныкташты.

ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели, Жогорку Кеңештин ЕККУ
ПАдагы делегация башчысы Иса Өмүркулов жана ЕККУ ПАнын
башкы катчысы Роберто Монтелла маалымат жыйын өткөрүшүп,иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик
ассамблеясынын Бишкектеги күзгү 17-жыйынына Европа, Азия жана
Түндүк Американын 46 өлкөсүнөн 150дөн ашык парламентчилери
келген

Ой-пикир кошуу

кирүү