Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Cүрөт: Kloop
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Медакадемиянын мурунку аппарат жетекчиси маркум Абдыкерим Гапаровтун жубайы Аселкан Онорова эки жарым жылдан бери адилеттүүлүккө жетпей келгенин айтат.
Аселкан Онорованын айтымында 2016-жылдын 25-февралындагы каргашалуу окуя учурунан баштап эле УКМКнын антикоррупция кызматынын ыкчам кызматкерлери мыйзам бузуп келе жатат. Онорованын жактоочулары да соттордун мыйзамга баш ийбей УКМК кызматкерлерин негизсиз актап жиберишкенин айтышат.
Аселкан Онорова пресс-конференция учурунда маркум жубайы негизсиз каралангандыгын айтып, президент Сооронбай Жээнбековко кайрылды. Ал өз сөзүндө жубайы Абдыкерим Гапаровтун өлүмүнө УКМКнын кызматкерлерин күнөөлөп, эки жыл мурун антикоррупцияда иштеген жетекчилер азыр да чоң кызматта иштеп жүргөнүн айтты.
Прецедент инфонун чыгармачыл жамааты бул окуя боюнча буга чейин да интервью алып, материал даярдаган.
Медакадемиянын мурунку аппарат жетекчиси маркум Абдыкерим Гапаровко байланышкан иш боюнча күнөөлөнгөн УКМК кызматкерлерин эки инстанциядагы сот актап жиберген. Эми, үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында бул ишти көзөмөл иретинде Жогорку соттун судьялары карамакчы.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]