Бишкекте Эл аралык эмгек уюмунун окуу семинарлары өтүүдө

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

“Түрдүү кесиптин ээлери болгон жумушчу күч муктаждыктардын анализи жана кесиптик-техникалык окуу жайларына кабыл алууну пландоо” темасындагы окуу семинарында кесиптик-техникалык окуу жайлар менен иш берүүчүлөр ортосундагы алака-мамилелер талкууланды.

Окуу семинары эки күнгө созулуп, катышуучулар эмгек рыногунун муктаждыктары менен жаштарды түрдүү кесипке окуткан окуу жайлардын шайкештигин талдашты.Бул темада Эл аралык эмгек уюмунун консультанты Владимир Гаськов доклад жасаган. Анын айтымында кайсы бир кесипке үйрөткөн окуу жайы жөн эле окута бербей эмгек рыногунун муктаждыктарын талдай билип, иш берүүчүлөр менен тыгыз иштеши керек.

Окуу семинарына мамлекеттин тиешелүү структураларынын кызматкерлери, эмгек менен камсыз кылуу, билим берүү, статистика кызматтарынын техникалык эксперттери,башкаруу органдарынын аймактан келген өкүлдөрү жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын жетекчилери чакырылган.

Окуу семинарында Армения, Тажикстан жана Россия Федерациясынан келишкен адистер өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Андан сырткары көйгөйлүү маселени чечүүдөгү колдонулган ыкмалар туурасында ой-пикир бөлүшүп, кийинки иштеринде аларды колдоно тургандыктарын билдиришти.

Ой-пикир кошуу

кирүү