Бишкекте “Кырсыктардын тобокелин азайтуу тармагында жаңы ыкмалар” аталышындагы илимий практикалык конференция болуп өттү

Конференциянын катышуучулары Кыргызстанда колдонулуп жаткан тобокелдерди азайтуу тармагындагы жаңы ыкмалар менен технологиялар жана ишке ашчу механизмдер жөнүндө талкуу кылышты.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов “Элдин өзгөчө кырдаалга даярдыгын жана өлкөнүн кудуретин күчөтүү максатында жыл сайын табигый кырсыктар тобокелин азайтуу күнү расмий түрдө белгиленип  жатат”-деп, конференциянын катышуучуларын куттуктады.

Министрдин айтымында үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан 5-октябрга чейин жалпы республика ичинде өзгөчө кырдаал учурундагы коркунучтар жөнүндө элге маалымат берилип, табигый кырсык шартында өзүн өзү сактоо ыкмалары боюнча билимди жогорулатуу иш-чаралары жүргүзүлдү.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республиканын аймагындагы структуралык бөлүктөрүндө анын ишмердиги жана куткаруу иштеринин ыкмалары менен тааныштыруу максатында өсүп келе жаткан жаштар үчүн “Ачык эшиктер” уюштурулган.

Илимий практикалык конференция чоң форматта өтүп, ага Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, атайын кызматтын офицерлери, илимий изилдөө институттарынын, жогорку окуу жайлардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келип катышышты.Конференциянын жүрүшүндө табигый кырсык учурунда элди куткаргандыгы үчүн жана кайраттуулугу менен эрдик көрсөткөн жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланышты.

Ой-пикир кошуу

кирүү