Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Форумду уюштурган мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринин айтымында өлкөдөгү бардык маалыматтарды каттоо базасын түптөө иштери жүргүзүлүүдө.
Элге кызмат көрсөтүү бүгүнкү күндө электрондук негизде жүргүзүлүп баштаган. Мисалы, бала-бакчага кезекке туруу, патентти алуу сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдү учурда жарандар интернет аркылуу алып калышкан.Бул форум “Электрондук Өкмөт” жана “Акылдуу шаар” долбоорлорунун алкагында өткөрүлүп жатат.
Үй-бүлөнү пландаштыруудан баштап мамлекет тарабынан жарандарга көрсөтүлчү бардык кызматтар электрондук негизде жүргүзүлүп калат. Ага чейин өлкө жараны жөнүндөгү бардык кабар маалымат базасына чогултулат.Көрсөтүлө турган электрондук кызматтардын негизги максаты кагаз менен иштөөнү жана канцеляриялык убаракерчиликтен арылууну көздөйт.
Геомаалымат борборунун жетекчиси Алмаз Абдиевдин айтымында буга чейин мындай форумдар Венгрия жана Германиянын өкмөттөрү менен биргеликте өткөрүлүп, тыгыз тажрыйба алмашуу болгон. Бүгүн Корея республикасынын Өкмөтүнөн келген өкүлдөр элге кызмат көрсөтүү жаатында электрондук программалардын ачык коду менен иштөөнү үйрөтүп жатышат.
Аталган форум эки күнгө созулуп, эртең коңшу Өзбекстандан келген коноктор менен тажрыйба алмашуу жүрөт дейт иш-чаранын уюштуруучулары.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]