Кыргызстанда кыйноолорду изилдеген жыйынтык бүгүн коомчулукка тартууланды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Укук коргоо органдарындагы кыйноолор боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган мамилени жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикалык улуттук борбору, Кыргызстан-Сорос фонду кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясы менен биргеликте жүргүзүшкөн.

Кыргыз Республикасындагы кыйноо кесепеттеринин укуктук, медициналык жана социалдык залакасы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча кыйноого дуушар болгон бир эле адамга кеткен чыгым 1 миллиондон 4 миллион сомго чейинки каражатты түзөт.

Акыркы 6 жыл ичинде 1900 адам кыйноолорго туш болгондугун айтып прокуратурага кайрылган. Кыйноону башынан өткөргөн адамдын ден-соолугун калыбына келтирүү убактысы 8 айдан баштап 2 жылдан ашык убакытты талап кылат. Укук коргоо органдары тарабынан болгон кыйноо учурунда жаракат алган адам да, аны дарылаган, кыйнагандарды соттоп,абакта баккан мамлекет да чоң чыгым сарптайт.

Бул изилдөөлөрдү кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган мамилени жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикалык улуттук борбору, Кыргызстан-Сорос фонду кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясы менен биргеликте жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке, Конститутциялык палатага, Жогорку сотко сунуштамалар жиберилди.

Ой-пикир кошуу

кирүү