Наргиза Раджабова: Бир жарым жылдан бери акыйкаттыкты издеп келем

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

2017-жылдын март айында Ички Иштер министрлигинин баңгазатка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча козголгон иш бүгүн Жогорку сотто уланды.

2017-жылдын 23-март күнү Ош шаарынын четинде турган өз унаасынан Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылды деген маалымат тараган. Ал кылмышка шектелип ошол эле Таиров эмгектенген баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын имаратынын жанында соода кылган Наргиза Раджабова үй-бүлөсү менен кармалган. Кийинчерээк Наргиза Раджабованын Оштун милициялары мыкаачылык менен аесуз зордуктаганы жөнүндө айтканы коомдук резонанс жараткан.

Ош шаардык соту Раджабованын күйөөсү Дамир Шабралитевти 23 жылга, ал эми иниси Мурат Раджабовту 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Ош облусттук соту Дамир Шабралиевти өмүр бою эркинен ажыратып, Мурат Раджаповту болсо 12 жылга абакка кесүү өкүмүн чыгарган.

Соттук отурум бүгүн саат 15:00 белгиленгенине карабастан кечиктирилип кечки саат 16:00дөн өтүп башталды. Уларовдун жубайы сот башталаары менен сотко ишенбечилик келлтирген оюн айтты. Ошондой эле ал Мурат Раджаповту 12 жылга эмес өмүр бою эркинен ажыратууну суранды. Ал эми Наргиза Раджабованын жактоочулары Ош облустундагы сотторго ишенбей ишти кайра кароону башка облуска жөнөтүүнү суранышты. Сот отуруму кечки 19:00гө чейин уланып, Жогорку сот Ош облусттук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Ой-пикир кошуу

кирүү