Айып тагылган ишкерлер менен аткаминерлер күрөө төлөсө эркиндик берүү

«Ишкер, бизнес тармагындагы жана экономикалык, кызматтык кылмыштарга байланышкан иштерде баш коргоо чарасын кароо учурунда күрөө (залог) берүүнү киргизүү керек” – делет депутат Дастан Бекешев автору болгон мыйзам долбоордо. Учурда мыйзам долбоор коомдук талкууда жүрөт.

Мыйзам долбоордун демилгечиси  2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган жаңы кылмыш-процессуалдык кодексине ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.

Азыр иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык экономикалык кылмыштарга айыпталган адам өзү же анын жакындары атайын эсепке күрөө акысын (залог) төлөсө баш коргоо чарасы катары камакка алынбайт. Бирок, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы эрежеси боюнча экономика тармагында жасаган кылмышы үчүн айып тагылган жаран баш коргоо чарасы катары камакка алынат. Эгерде депутаттын сунушун парламент колдосо жана ал өзгөртүүлөр кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясына киргизиле турган болсо, анда:

— алдамчылык, ишенип берилген мүлккө мыйзамсыз ээлик кылган жана аны сарптап жиберген, башка бирөөнүн жер тилкесине өз алдынча ээлик кылуу менен аны басып алуу, тиешеси жок имаратка же бөлмөгө мыйзамсыз ээлик кылып тартып алуу, каржы пирамидасын уюштуруу, жемкорлук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка ушул сыяктуу кылмышка айыпталган жарандарды камакка алуу мүмкүн болбой калат. Ошондой эле бул төлөнгөн күрөө акысына карабайт;

— күрөө (залог) катары бир гана акча каражаты эмес башка да баалуу буюмдар, камакка алууга мүмкүн болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр да алынат. Ал күрөөнүн баалуулугун жана күрөө карызда эмес экендигин күрөө берген адам далилдеши керек. Мыйзамга ылайык сатып, өндүрүп алууга мүмкүн болгон мүлк күрөө катары кабыл алынбайт.

Ошондой эле мыйзам долбоор күрөөнүн эң аз өлчөмүн аныктоого багытталган. Күрөөнүн эң көп өлчөмү белгиленбейт. Мисалы, күрөөгө анча оор эмес кылмыш үчүн 10 миң сомдон  кем акча каржаты төлөнүш керек. Башкача айтканда, ар бир окуяда судья күрөөнүн максималдуу көлөмүн аныктап берет. Бул жагдай сот системасындагы жемкорлук тобокелчилигине алып келээри турган иш.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясында күрөөнүн чектик суммасынын эң аз жана эң көп өлчөмү жазылган. Мисалы, анча оор эмес кылмыш иштери үчүн 10 миңден 200 миң сомго чейин, ал эми оор кылмыштар үчүн 200 миңден 1 миллион сомго чейинки күрөө коюлат. Ар бир окуяда келтирилген зыяндын көлөмү менен кылмыш ишинин оордугуна карап судья күрөөнүн көлөмүн аныктайт. Документке карата жазылган тактама-негиздемеде кандайдыр бир деңгээлде күрөөнү колдонуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин толтурмак. Кайсы бир кылмышка шектелип кармалгандар же айып тагылгандар тергөө менен соттон качышмак эмес. Алардын качпай турган кызыкчылыгы болмок. Бул аракет ашыкча толуп кеткен тергөө абактарын жеңилдетмек. Айрым эксперттер ал тергөө абактарынын акыбалы өтө начар экенин айтып келишет. Жакшы ниеттердин аткарылышына жетүү үчүн мыйзам долбоор дагы толукталып олуттуу иштелип чыгууга муктаж (күрөөнүн эң көп чектик суммасы калтырылышы керек; камакка алынбагандыкты айыпталуучунун же анын жакындарынын күрөөнү төлөгөндүгү менен байланыштырыш керек жана башка у.с.).

Ой-пикир кошуу

кирүү