“Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн биринчи окууда каралды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бул мыйзам долбоорду депутаттар М.Бакиров, А.Алтынбеков, А.Узакбаев, А Жунус уулу демилгелешкен.

Мирлан Бакировтун айтымында республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мамлекеттик органдар жаныбарлардан алынган эт,сүт,айыл-чарба канаттууларынын жумурткалары сыяктуу азыктарды сатып алышат. Мындан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге сатылып алынчу азыктардын коопсуздугу туурасында маселе келип чыгат. Жаныбарлардан алынган азыктарда бруцеллез, сибир жарасы сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Мамлекеттик мекеме-ишканаларга, мисалы: мектеп,бала-бакча,кыргыз армиясынын аскерлерине,абакта отургандарга сатылып алынган азыктар аркылуу адам ден-соолугуна олуттуу зыян келтирилиши мүмкүн деген кооптонуу менен мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө.

Ушуга байланыштуу мыйзамдын 27-беренесине “жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, аны сактоо жана сатууну Кыргыз Рсепубликасынын ветеринардык мыйзамдарына ылайык өндүрүштүк  объекттерди каттоонун болушу”-деген ченем менен толукташ керек дешет демилгечилер.

Мирлан Бакиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары. Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Мирлан Бакировтун айтымында долбоордун максаты адам өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирүүнү алдын алуу, “Ветеринария” жөнүндөгү мыйзамды,бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин ченемдерин ишке ашыруу болуп саналат.Мыйзам долбоор биринчи окууда добуш берүүгө  жөнөтүлдү.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү