Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
“Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды.
Аталган мыйзам долбоорду Өкмөт өзүнүн 2018-жылдын 26-январындагы №53-токтомунун негизинде демилге көтөрүп чыккан. Бүгүн бул мыйзам долбоор экинчи угууда талкууланды.
Өкмөттүн чегераны делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровтун айтымында Казак Республикасы менен чегара маселеси боюнча делимитация иштери 1999-жылы башталып 2001-жылы бүткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө коңшулар менен бардык чегара тилкеси толугу менен такталып бүткөн. “Документ 2008-жылы ратификацияланган. Азыр эч кандай маселе калган жок”-деди Курбанбай Искандаров.
Курбанбай Искандаровтун маалыматында өлкөнүн түштүк жагындагы Өзбекстан менен болгон 1388 километр чегаранын көпчүлүк бөлүгү такталып бүтүп калды.Ал эми Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда 970 километр чегара бар. Анын жарымы, тагыраагы 519 километри бекитилип бүткөрүлгөн. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.
Мамлекеттик чегара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевдин айтымында өлкөнүн түндүгүнө караганда чегара көйгөйү түштүктө курчураак турат.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]