Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Пленардык жыйын башталаары менен Махабат Мавлянова анын сунушун тескери кабыл алган коомчулукка таарынып, ал жөнүндө жана анын үй-бүлөсүн шылдыңдаган маалыматтар таратылып жатканын айтып депутаттарга арызданды.
Депутат айымдын айтымында кытайдан келген туристтерди визасыз киргизүү жөнүндөгү айткан сунушун коомчулук терс кабыл алган. Социалдык тармактарда депутатты шылдыңдаган каррикатуралар жайнап кеткенин айтып, анын үй-бүлөсүн басмырлаган маалыматтар таратылып жатканын билдирди.
“Cоциалдык тармактарда отуруп шылдың кылган жарандарга каршы чара көрүүнү башташ керек”-деди Мавлянова. Коомчулуктун каарына калган депутат Кытай менен болгон мамиледе виза маселесин баарибир карап чыгууну сунуштады.
Жыйын учурунда Махабат Мавлянова Кытайлыктарды визасыз киргизген 20 дан ашык өлкөлөр жөнүндөгү видео тасманы көрсөтүп, Россия Федерациясы менен Белорусияга алар визасы жок эле кирип жүргөнүн айтты. Каражатын саякаттаганга жумшаган Кытайлыктарды Кыргызстанга туризмди өнүктүрүү максатында визасыз эле киргизе берүү жагын кароону кесиптештерине дагы бир жолу сунуштады.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]