Алдыда боло турган Акыйкатчыга добуш берүүдө журналисттер менен парламенттик байкоочуларга кайрылуу

Cүрөт / Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына журналисттер менен парламенттик байкоочуларга даректелген Акыйкатчыны шайлоо боюнча кайрылуусун жарыялады.  

Толугу менен кайрылуу төмөндө:  

Келе жаткан шаршемби күнү Жогорку Кеңеште Акыйкатчыны шайлоо боюнча добуш берилет. Добуш берүү жашыруун жүргүзүлөт. Ал эми Жогорку Кеңештин Регламентинин 88-беренесинин 4-пунктуна ылайык:

«Бюллетенди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү ошол бюллетенди депутат  жеке өзү толтуруп ишке ашырат. Бюллетень ар бир депутатка тизмеге ылайык берилип, депутаттын өз эрки менен жашыруун добуш беришин камсыз кылуучу атайын добуш берүүчү чакан жайда (кабинка) ишке ашырылат. Андан соң ал бюллетень эсептөөчү комиссия тарабынан мөөр басылып бекилген добуш берчү үкөккө (урна для голосования) салынат.

Жогорку Кеңештин Регламентинин 89-беренесинин  1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык бюллетендер депутаттарга жеке кол тамгасын койгондон кийин берилет. Акыйкатчыны шайлаган өткөн шайлоодо көпчүлүк депутаттар эл алдында эч нерседен жашырбай эле  бир нече бюллетендерди добуш берчү үкөккө таштап коюшканын эскерте кетейин. Кийин бул аракетти алар ишеним кат боюнча башкалар үчүн да добуш бергенин айтышкан. Эми, Регламенттин жогоруда жазылган нормаларына ылайык ишеним кат менен добуш берүү мүмкүн эмес. Анткени, ар бир депутат өз колу менен кол тамгасын калтырып бюллетенди өзү  алыш керек.

Андан сырткары, өткөн шайлоодо байкоочулар байкагандай депутаттар добуш берчү үкөккө келип бюллетенди салаарда кайсы талапкерди белгилегенин башка депутаттарга көрсөтүп салышкан. Сураныч, добуш берчү чакан жай (кабинка для голосования) кандай куралып жана кандайча орноштурулганына көңүл бургула. Добуш берчү жай жашыруун добуш берүүгө ыңгайлашканбы же жокпу аны да байкаш керек. Ошондой эле депутаттардын бир нече бюллетенди үкөккү салганына көз салып туруш керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү