Багы ачылбаган “Коопсуз шаар”

Cүрөт / Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеңештин депутаттары 8 айдан бери ишке ашпай жаткан “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулашып, бул боюнча маалымат угуу маселесин көтөрүштү.

Парламенттин пленардык жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында бир нече жолу тендер жарыяланып, бирок, кандайдыр бир себептерден улам ишке ашпай жаткан “Коопсуз шаар” долбоору үчүн Өкмөткө сын-пикирлер айтылып, алардын иши натыйжа алып келбей жатканы белгиленди.

“Дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө коопсуз шаар долбоору эчак иштеп жатат.А биз болсо сынакты жаңжалсыз өткөрө албай атабыз. Азыр эки тарап соттошуп жатат. Бул шермендечилик. Жогорку Кеңешке Премьер-Министрди, тийиштүү мекемелердин жетекчилерин чакыралы. Эмнеге тендерди өткөрө албай жаткандарын айтып беришсин”-деп депутат Абдывахап Нурбаев катуу сүйлөдү.

Эскерте кетсек, акыркы өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү Россиялык “Вега” концернинин үстүнөн жеңилген тарап арыздарды карачу комиссияга даттанган. Комиссиянын чечими менен тендердин жыйынтыктары жокко чыгарылды.  

Тендерди өткөргөн комиссия “Вега” компаниясы менен келишим түзүүнү сунуштоодо.Анткени “Вега” компаниясы биринчи лот боюнча 1,125 миллиард сом, ал эми экинчи лот боюнча 1,195 миллард сомго кызмат көрсөтүүнү сунуштаган.

Ой-пикир кошуу

кирүү