Өкмөт жаны кодекстерге өзгөртүү киргизүүгө тыйуу салды

Сүрөт: КР Өкмөттүн Аппараты

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Өткөн аптада өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өз токтому менен аткаруу бийлигинин органдарына 2020-жылдын 1-январына чейин жаны кодекстерге өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзамдарды демилгеленге тыйуу салды. Жаны кодекстер:

– Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси.

Бул мыйзамдар келе жаткан жылдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет жана колдонула баштайт.

Өкмөттүн токтому жогоруда аталган кодекстерге төмөнкүлөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзамдолбоорлоруна жайылтылбайт:

–  Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу;

– Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын концептуалдык негиздерин сактоо шартында «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу;

– келтирилген зыянды аныктоого жана ордун толтурууга байланышкан эскирүү мөөнөтүн өзгөртүү;

–  укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу (карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу).

Премьер-министр кол койгон токтом укук колдонуу практикасынын натыйжалуулугун камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы №124 «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» деп аталган жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынганы айтылат.

Айта кетсек Президент өз жарлыгында парламентке жаңы кодекстерге кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу (1 жылдык) мораторий киргизүү сунуштаган.

КРнын Жогорку Кенеши мораторий тууралуу мыйзам кабыл алмайын, жаны кодекстрге өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү кала берет.

Ой-пикир кошуу

кирүү