Коомдук транспорт пайда алып келе баштайт

Сүрөт / Kloop

Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова

2018-жылдын 18-сентябрында Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматов жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалар менен болгон жолугушууда шаардагы коомдук транспорт жаатындагы көйгөйлөр жөнүндө сөз кылды. 

“Мамлекет- начар менеджер. Андыктан мамлекеттик — жеке өнөктөштүккө өтүшүбүз керек.  Негизги маселе-  коомдук унааларыбыз жаңы болушу зарыл. Эл ташыган транспорттун өндүрүлгөн жылы  7-8 жылдан ашпаш керек. Бара-бара биз ушуга келебиз. Жүргүнчүлөрдүн агымына жараша  чиптерди пайдалануунун айлануусу түшүнүктүү болот. Мындай ыкма баарыбыз үчүн пайда алып келет.  Азыр шаарда жүргөн автобус,троллейбустардын баары пайда алып келе албайт. Ал эми жеке маршруткалар азыр пайда табуучулар болуп саналат” — деди Азиз Суракматов. Мэрия автобус менен троллейбустар пайда алып келчү унааа боло турган система түзөөрүн айтты

Жөнөкөй шаар тургундарынын көз карашы катары мэрдин сөзүнө өз ой-пикирибизди айткыбыз келди.

Автобустар менен троллейбустар пайда алып келе баштайт деген сөзү менен мэр коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрөбүз дебесе керек деп үмүт этип туралы.

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүн НЕГИЗИНЕН жеке компанияларда иштешкен маршрут айдоочулары ташыйт. Алар таң заардан баштап түн киргенге чейин элди ташыйт. Аларды 5 мүнөттүн айланасында күтөсүң. Муниципалдык транспорт такай көп убакыт күттүрүп коет.

Жүргүнчүлөрдү ташыган жеке компаниялар көп болгондуктан алар элдин көбүрөөк бөлүгүн ташыйт. Буга жараша жүргүнчүлөрдөн түшкөн пайданын көп бөлүгүн муниципалдык транспортко караганда жеке айдоочулар алып кетишет. Мындай жыйынтык жөнөкөй эле логикага  жана көп жылдан бери уланып келе жаткан байкоолорго негизделген.

Айрым жарандарды ушундай эле көйгөйлөрдү чече билген  башка мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнгүсү келбеген жана иштегенди билбеген мамлекеттик кызматтагы чиновниктер таң калтырат. 

Ал тажрыйбаларды үйрөнүү оңой эле. Эл ташыган муниципалдык транспортту көбөйтүү керек.  Ансыз деле мамлекет тиги же бул тармакты өнүктүрөм деп бай өлкөлөрдөн ири суммадагы насыяларды алып жатат. Жыйынтыгында ал кредитти салык төлөөчүлөр – эл кайтарат. Көп сандагы сапаттуу унааларды сатып алуу үчүн каражат табыш керек. Жакшыраагы ал унаалар электр энергиясы менен жүрсө. Анткени алар жакынкы келечекте өзүнүн чыгымын өзү жабат. Бул учурда жеке ташууучу компанияларды не кылабыз деген суроо пайда болот. Аларга да иш керек.

Муниципалдык унаалар баарибир шаарды толугу менен камсыздап ташый албайт. Мисалы, шаар четиндеги айылдарга муниципалдык унаалар жете албайт. Ошол багыттарга маршрутка айдагандар иштесе пайдалуу болмок. Шаар тургундарынын коомдук транспортто жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүдө унаа тыгындары көйгөйү чечилмек. Анткени, жеке унаа ээлери коомдук транспорттон пайдаланууга өтүп кетишмек. Ошондой эле коомдук транпортто жүрүүдө накталай эмес төлөмдөр системасын киргизиш керек. Транспортто жүрүүдө чип аркылуу төлөө ыкмасы жана убакытка жараша (бир жумага, бир айга,бир жылга) төлөм талондорун киргизүү зарыл. Ошентип, ушундай иш-чаралар аркылуу жеке ишканалардын тапкан пайдасынын  ачык-айкындуулугун  камсыз кылса болот. Ошондой эле   муниципалдык транспортту пайда алып келчү тармакка айлантууга шарт түзүлөт.

Урматтуу,окурман! А сиздин оюңуз кандай?

Ой-пикир кошуу

кирүү