УКМК социалдык тармактарды ооздуктайт

Cүрөт / Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы, Азаттык Үналгысы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйнында укук коргоо жаатындагы бир катар мыйзамдар өз ара шайкеш келтириле тургандыгы талкууланды.

Бул мыйзам-доолборлор боюнча укук тартиби,кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко маалымат берди. Анын айтымында 2019-жылдан тарта күчүнө кире турган мыйзамдар бири-бирине шайкеш келтирилүүдө.

Депутаттардын  берген суроолоруна жооп берип жатып УКМКнын өкүлдөрү экстремисттик маанайдагы маалымат сайттарын өз убагында жаба алышпагандыгын айтты.Алардын айтымында интернет айдыңында диний-радикалдуу багыттагы ресурстарды талдап табуу оңой эле. Аларды жабуу кыйынга туруп жатат дешет атайын кызматтын өкүлдөрү. УКМК кызматкерлери берген маалымат боюнча буга чейин тыюга салынган материалдарды камтыган 51 маалымат сайтты таап чыгышкан.Алардын жыйынтыгы боюнча диний багыттагы 16 сайт жана социалдык тармактардагы 8 жарандын өздүк баракчасын жабуу туурасында соттун чечими чыккан.

 

Бул маалыматтарды угуп отурган депутат Дастан Бекешев диний мүнөздөгү маалыматтарды тараткан жарандарга “жакшы” деп лайк баскандар үчүн кандай жаза көрүп жатышкандыктарына кызыкты.

“Андай учурда жоопкерчиликке тартуунун кажети жок.Ансыз деле абактарыбыз толуп кеткен. Мүмкүн айып пул салуу керектир”-деп депутат өз оюн жыйынтыктады.

Ага жооп катары атайын кызматтын өкүлдөрү “Биз “жакты” деп лайк басып бирөөнүн өздүк баракчасына киргендерди эмес, ошол тыю салынган диний мүнөздөгү материалдарды тараткандарга көз салабыз”-  деп жооп беришти.

Ой-пикир кошуу

кирүү