Жарандык коом Акыйкатчыны шайлоодо жашыруун добуш берүү менен шайлоо өтүшүн талап кылууда

Сүрөт / Pixabay

Төмөндө жарандык коомдун өкүлдөрүнүн билдирүүсүнүн толук тексти келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоо учурунда жашыруун добуш берүүнү камсыз кылууга чакырабыз.

Коомчулук бул процессти тыкыр көзөмөлдөп турат жана парламенттин фракциялары көрсөткөн  талапкерлерди активдүү талкуулап жатат.

Бул деген Акыйкатчы институту  парламенттин Кыргыз Республикасынын жаранынын  жана адамдын конститутциялык укуктарын жана эркиндигин  көзөмөлдөөчү ишенимдүү куралы катары жарандар үчүн абдан маанилүү экенин билдирет.

Спикерди жана Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын бардык курамын Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоодо өз эрки менен тандоого жана жашыруун добуш берүүнү камсыз кылып берүүгө чакырабыз.

Буга чейинки Акыйкатчыны шайлоодо жол берилген шермендечиликтин кайталануусуна жол берилбешин талап кылабыз. Ошондо телекамералар алдында жыйындар залында отурган депутаттар өздөрү тандаган талапкерди белгилеп  тыкыр текшерип турган адамдарга колундагы бюллетенди көрсөтүшкөн.

Президент Сооронбай Жээнбековту жана анын аппаратын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын текшерүүгө алган аракеттерден карманууга чакырабыз.  

Акыйкатчыны шайлоо жөнөкөй жарандар менен мамлекеттик жогорку органдардын ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүдө чоң мааниге ээ.  

  1.    Динара Ошурахунова
  2.    Бурул Макенбаева
  3.    Нурбек Токтакунов
  4.    Гульнара Джурабаева
  5.    Эркина Убышева
  6.    Сардар Багишбеков

Ой-пикир кошуу

кирүү