Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Сүрөт: Азаттык Үналгысы
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Үстүбүздөгү жылдын август айында Президент Сооронбай Жээнбековко экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупция жөнүндө мекеменин басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева ачык айтып кайрылган.
Ал кайрылуусунда Анара Мамбеталиева мекемедеги жемкорлукка малынган жооптуу кызматтагы бир нече аткаминерлердин ысымын атаган эле. Кийинчерээк өлкөнүн коопсуздук кеңеши Анара Мамбеталиева берген маалыматтын негизинде текшерүүлөрдү жүргүзгөнүн массалык маалымат каражаттары жазып чыккан. Анын жыйынтыгында Мамбеталиева берген маалыматтар тастыкталганы
маалымдалган. Жакында эле Анара Мамбеталиева кызмат ордуна барат деген кабар тараган. Бирок, мамэкотехинспекциядан эч ким байланышка чыга электигин Анара Мамбеталтева өзү айтып берди.
Мамэкотехинспекциядагы коррупция боюнча ачык айтып Сооронбай Жээнбековко туз кайрылган Анара Мамбеталиева кызматка бара электигин айтты.
Опубликовано Altysha Lv Пятница, 12 октября 2018 г.
Анара Мамбеталиева өзү жана үй-бүлөсү үчүн мурдагыдай эле коркуп жатканын айтты. Учурда жумушка чакыруу болоорун күтүп жатканын билдирип, кызматка кайтууга даяр экенин кошумчалады.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]