Бишкекте биринчи жолу паллиативдик жардам боюнча улуттук жыйын болуп өттү

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

“Паллиативдик жардам – кайдыгер эмесмин” аттуу паллиативдик жардам ыктыярчыларынын биринчи улуттук жыйынына Кыргызстандын ар бир аймагынан ыктыярчылар келишкен.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында негизги максат- Кыргызстандагы паллиативдик, хоспистик жардам маселелерине жана паллиативдик бейтаптар менен алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн масштабдуу ыктыярчылык кыймылды өнүктүрүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Паллиативдик жардам деп адам айыккыс ооруга чалдыкканда, анын абалын жеңилдетүү үчүн көрүлгөн камкордук аталат. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда көп жылдар бою жүргөн ооруулуулардын акыбалы айыккыс дартка айланганда медицина алсыз болуп, бир гана паллиативдик жардамдан башка арга калбайт дешет иш-чаранын уюштуруучулары.

Кыргыз Республикасында паллиативдик жардамга бир жылда 20 000 бейтап же болбосо күнүнө 3300 бейтап муктаж. Алардын 570и онкологиялык диагноз менен ооруйт. Паллиативдик жардамга муктаж адамдардын саны менен ал жардамды алып жаткандардын санынын айырмасы эбегейсиз зор. Өлкөдө болгону онко бейтаптар үчүн 2 стационар эле бар. Бишкектеги стационар 25 орунга, ал эми Оштогусу 5 эле орунга ылайыкташкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сорос-Кыргызстан фондусунун колдоосу менен түзүлүп юридикалык каттоодон өткөн паллиативдик жана хоспистик жардам ассоциациясынын келечек пландары жөнүндө маалымат берилди.

Ой-пикир кошуу

кирүү