Мүлктү сот тарабынан салынган экинчи камактан кантип бошотсо болот?

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Facebook колдонуучусу бизге кийинки суроону жөнөтүптүр:

«Эки бөлөк жарандык иштер боюнча жоопкердин кыймылсыз мүлкүнө сот тарабынан эки өзүнчө камак салынган. Жарандык иштердин бири тараптардын жарашуу макулдашуусунун негизинде кыскартылган, себеби жоопкер доогерге болгон карызын төлөгөн. Бирок ошол иш боюнча салынган камак алынып салынган эмес жана бүгүнкү күндө турат.

Экинчи иш боюнча болсо доогердин арызын сот канаттандырган, бирок жоопкер соттун чечимин өз ыктыяры менен аткарган эмес, ушуга байланыштуу сот аткаруучу жоопкердин кыймылсыз мүлкүн ачык соодадан (публичные торги) сатып салайын деген. Ошондо ачык сооданы жүзөгө ашырууга тоскоолдук жараткан экинчи камак бар экени билинип олтурат.

Эми сот экинчи камакты мүлктөн алып салышы үчүн биз эмне кылышыбыз керек?»

Жооп:

Жоопкердин мүлкүнө камак салуу – бул доону камсыз кылуу максатында сот тарабынан колдонулуучу чаралардын бири. Камак салуунун максаты жарандык иш боюнча сот чыгарган чечим күчүнө киргенге чейин мүлктү сактап туруу. Эгерде сот доогердин талаптарын канаттандырса, бирок жоопкер сот чечимин ыктыярдуу түрдө аткарбай койсо, анда карызды өндүрүү жоопкердин мүлкүнө багытталат.

Мүлккө салынган камакты алып салуу үчүн сотко эки түрлүү арыз менен кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар. Биринчиси мүлктү камактан бошотуу жөнүндөгү арыз, экинчиси мүлктү камактан бошотуу жөнүндөгү доо арыз.

Кайсыл учурда арыз берилет, ал эми кайсыл учурда доо арыз берилиши керек?

Мүлктү камактан бошотуу жөнүндөгү арыз мүлккө камак салган сотко жазылат. Мындай арызды жарандык ишке катышкан жактар (доогер, жоопкер, үчүнчү жактар, прокурор ж/а башкалар) жаза алышат. Мындай арыз үчүн мамлекеттик алым төлөнбөйт. Арыз сот отурумунда каралат. Отурумга катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат, бирок алардын келбей коюшу арызды кароого тоскоолдук кылбайт. Арызды кароонун натыйжасында сот аныктама чыгарат. Ал аныктама 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Соттун чечимине нааразы тарап экинчи инстанциядагы сотко даттануу менен кайрылса болот.

Мүлктү камактан бошотуу жөнүндөгү доо арыз жарандык ишке катышпаган кишилер тарабынан жазылат. Мындай доо арызды соттун кеңсесине тапшырардан мурун, «РСК» банкына барып 700 сом өлчөмдөгү мамлекеттик алымды төлөп, анан банк берген дүмүрчөктү (квитанция) доо арызга тиркеп коюу абзел. 

Аталган доо арыз кыймылсыз мүлк жайгашкан райондун сотуна гана тапшырылат. Мисалы, камака алынган үй Сокулук районунда жайгашса, анда доо арыз Чуй облусунун Сокулук райондук сотуна тапшыралат (Жарандык процесстик кодексинин 32-беренеси). Ишти карап бүткөн соң сот чечим чыгарат, ал чечим 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Бул мөөнөттүн аралыгында чечим менен макул эмес тарап жогору турган сотко даттануу алып келсе болот.

Коюлган суроого жообузду кийинкиче жыйынтыктайбыз. Сиз кыймылсыз мүлк жайгашкан райондун сотуна мүлктү камактан бошотуу жөнүндөгү доо арыз менен кайралышыңыз керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү