Социалдык өнүгүү министрлиги жетекчисиз калдыбы?

Сүрөт: КР Өкмөттүн Аппараты

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматтан кетти.

Акыркы күндөрү ызы-чуусу бүтпөгөн окуяга чекит коюлду окшойт. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова өткөн жумада өз каалоосу менен арыз жазганы белгилүү болгон. Кечээ түштөн кийин ал арыз менен макулдугун билдирген Премьер-Министр Мухамметкалый Абулгазиев кол коюп, Мамытова айымды кызматтан бошотту.

Лунара Мамытова

Белгилүү болгондой Лунара Мамытова буга чейин мамлекеттик телеканалда алып баруучу, бир аз убакыт Жогорку Кеңештин депутаты жана 2016-жылдын 15-ноябрынан бери Социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеген. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева бул министрликтин жетекчилерин негизсиз көп саякаттайт деп күнөөлөп, алардын чет өлкөлөргө чыгуусу боюнча мамлекеттик укук органдарына депутаттык суроо жөнөткөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Аида Касымалиеванын айыптоолору тастыкталган.

Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты. Сүрөт: СДПК

Кечээ 11-октябрь күнү эртең менен Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованын кызматтан кеткени белгилүү болду. Буга чейин министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденованын Сеул-Алма-Ата багытындагы учакта мас абалында жаңжал чыгарганын массалык маалымат каражаттары жазып чыккан. Ал окуядан көп узабай эле Каденова айымдын кызматтан кеткени белгилүү болду.  Бүгүнкү күндө министрликте жетекчиликтен бир эле министрдин орун басар бар экендиги маалым. Ал ушул министрликте көп жылдан бери иштеп келе жаткан Жылдыз Полотова.

Эскерте кетсек, социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги жеке эс алуу учурунда дипломатиялык паспортторун пайдаланган деп күнөлөнүүдө.

Ой-пикир кошуу

кирүү