Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоого жетиштүү көңүл бурулбай жатат

Cүрөт: issyk-kul-clean.blogspot.com

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдүн экосистемасынын бузулуп жатканы туурасындагы сын-пикирлер Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды.

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”,”Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарынын аткарылышы туурасында парламенттик угууда кызуу талкуу жүрүп, көпчүлүк депутаттар негизги туристтик жайыбыздын акыбалы начар экендигин айтышты.

Сүрөт: КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы

Депутат Экмат Байпакбаев жогорудагы мыйзамдардын аткарылышы керектүү деңгээлде жүрбөй жатканын айтып, тийиштүү чаралардын көрүлбөгөндүгүнө токтолду. “Ысык-Көлүбүздүн экосистемасы бузулууда, канализациялык тутумдар начар абалда”-деди депутат.

Экмат Байпакпаев, Сүрөт: Sputnik

“Ысык-Көл биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуу учурунда Байпакбаев Ысык-Көлдүн тегерегиндеги шаарлардагы жана айылдардагы суулар тазаланбагандыктан жай айларында булганыч заттар пайда болгонун айтып зээн кейитти. “Эл тарабынан да үстөккө-босток  ыргытылган акыр-чикир үйүлүп толуп кетип, экосистемага начар таасирин тийгизип жатат”-деди эл өкүлү.

Анын айтымында Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларындагы саркынды сууларды тазалаган курулмалардын эскилиги эчак жеткен. Аларды тез арада ремонттон өткөрүү керек дейт депутат.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү