Жогорку технологиялар паркынын өнүгүүсүнө качан шарттар түзүлөт?

Мааланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Кыргызстандагы интеллектуалдык эмгек жаатындагы ийгиликтер менен көйгөйлөр туурасында бүгүн ММК өкүлдөрүнө маалымат берилди.
Кыргызстанда интернет,мультимедия жана санариптик трансформация, каржы, биомедицина, логистика технологиялары,компьютьердик анимация жана оюндар жаатында 2011-жылы мыйзам кабыл алынып, программалык камсыздоо
индустриясын өнүктүрүүдө жогорку технологиялар паркы мамлекет
тарабынан көрсөтүлгөн колдоо көрсөтүүчү мекеме катары түзүлгөн.
Пресс Ланч
Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаиловтун айтымында Кыргызстанда интернет пайда болгону бул тармакта элге кызмат көрсөткөндөр көмүскөдө иш жүргүзүп келишкен. Аларды ачыкка чыгаруу үчүн бир топ иш-аракеттер көрүлүп, атайын мыйзам да кабыл алынган. Жогорку технологиялар
паркына кирген резиденттер көрсөткөн кызмат акылары үчүн атайын салык төлөшпөйт. Интеллектуалдык эмгек менен бизнес кылган компаниялардын саны бүгүнкү күндө 40 тан ашты дейт Алтынбек Исмаилов.

Кыргызстанда интеллектуалдык эмгек көрсөткөн резиденттер ойлоп тапкан программалык камсыздоолорун чет өлкөлөргө экспорттоого жетишишкен. Ийгиликтүү долбоорлордун ишке ашышын арттыруу максатында жогорку технологиялар паркына кирген резиденттерди бир аянтта чогултуу керек дейт Алтынбек Исмаилов. Ал үчүн мурунку өкмөттүн буйругу менен улуттук илимдер академиясынан 2миң квадрат жай кеңсе катары бөлүнгөн. “Тилекке каршы, бир
жылдан бери ошол кеңсе маселеси чечилбей жатат”-дейт Алтынбек Исмаилов. Анын айтымында илимдер академиясынын жетекчилиги ошончо чоң имараттын ичинен жаңы технологиялар жайгаша турган жай таап бере албай жатат. Мындан сырткары айти тармагында таланттуу өспүрүмдөрдү тарбиялоодо сабак берген мугалимдер жетишпей жатканы белгиленди.

Ой-пикир кошуу

кирүү