“Дордой-Дыйкан” лабораториялуу болду

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн “Дордой-Дыйкан” логистикалык болборунун базасында фитосанитардык текшерүү пункту ачылды.

Айыл-чарба,тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин демилгеси менен Дордой-Дыйкан базарына келчү бардык жер-жемиштер менен мөмөлүү өсүмдүктөр фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлүп, тиешелүү расмий документтер менен сатыла баштайт.

Айыл-чарба министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей буга чейин бул базарга киргизилчү бардык жер-жемиштерди текшерчү борбор алыста жайгашып, ал документтерди алып келүү үчүн оор жүк ташыган камаздар шаар кыдырып келчү. Эми, жашылча жемиштер менен чекене жана дүң соода кылган ишкерлердин көтөргөн жүгү жеңилдеп калды.

Фитосанитардык текшерүү пунктунун аянты 300 чарчы метрди ээлейт. “Дордой-Фуд” логистикалык борбору 2017-жылдын декабрь айынан бери иштейт. Бул борбордун негизги максаты айыл-чарба продукцияларын экспорттоо жана импорт болуп келген жүктөргө ыңгайлуу шар түзүп берүү. Логистикалык борбор бир күндө 60га жакын чоң жүк ташуучу унааларды тейлеп, андагы  500 тоннага чейинки айыл-чарба продукциясын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 

Бул фитосанитардык пунктунда карантинге алынган продукцияларды эскпортко чыгарууда же импорттолуп келген жүктөргө берилүүчү фитосанитардык документтер “Бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде иш алып барат. Ошондой эле, карантинге алынган продукцияларга лабороториялык экспертиза жүргүзүү жана фитосанитардык сертификаттарды берүү кызматтары көрсөтүлөт.

Ой-пикир кошуу

кирүү