Кыргызстанда «Жашыл экономика» жумалыгы башталды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Айыл-чарба, өнөр-жай жана мелиорация министрлиги Экономика министрлиги менен Германия эл аралык кызматташтык коому биригип жашыл экономиканын жумалыгын уюштурушкан.

Жумалыктын алкагында элге маалымат жеткирүү үчүн пресс-конференциялар, түрдүү темадагы семинарлар менен жолугушуулар өтүп жаткандыгы маалымдалды. Бүгүн айыл-чарбасына басым жасоо менен жерди туура иштетүү секторунун Кыргызстандын жашыл экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын талкуулоо болду. “Инклюзивдүү жашыл экономикага өтүү”, “Жашыл экономиканын өнүгүүсү үчүн шарттардын бет ачаары” темалары боюнча талкуулар жүрдү.

Улуттук статистика комитетинин берген маалыматы боюнча тоолуу жайыттар Кыргызстандын бардык аянтынын 40 пайызын түзөт. Ал эми 85 пайызы айыл-чарба багытындагы жерлер.Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 88 пайыздан ашык айыл-чарба багытындагы 10,7 миллион гектар жерлер деградацияга туш болушкан. Ал аймактарда жер кыртышы бузулуп, өсүмдүктөр өспөй калгандыктан чөлгө айлануу коркунучу бар.

“Жашыл экономика” концепциясынын алкагында Кыргыз Республикасы өнүгүү менен өсүүнүн башка көрүнүшүн тандап алган. Ал жол экономиканын туруктуулугуна, экологиялык жана социалдык бакубаттыгына багытталган. “Жашыл экономиканын” бир жумалыгында жерди иштетүү жана  айыл-чарбасын өнүктүрүүдө мамлекеттик органдардын, жеке ишкерлердин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын активдүү катышуусу семинардын негизги максаты болуп саналат.

Ой-пикир кошуу

кирүү