Бишкекте “Бельканто” ырчылардын мектеби ачылды

Сүрөт: 24.kg

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

“Бельканто” мектебинде мындан ары мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдар окушат дейт окуу жайдын негиздөөчүсү белгилүү опера ырчысы Замира Мавлянова.

Андан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу ырчы балдары да бул мектептен бекер билим алышмакчы. Бул жерде ырчы болууну самап келген өспүрүмдөргө бийик искусствого болгон сүйүүнү, дүйнөлүк операга жана классикалык музыканын шедеврлерине үйрөтүшмөкчү.Ошондой эле балдар мукам үнү жана актердук таланты менен миңдеген эл отурган концерт залдарын бир демде кармап турууга, мукзыкалык аспапта ойногондорду, дирежерду,хорду жана оркестрди сезүүгө, алар менен бир ыргакта таланттуу ырдоого үйрөнүшөт.

Белгилүү опера ырчысы Замира Мавлянованын айтымында буга чейин эле ырчылык өнөрдү үйрөнөм деген окуучулары бар болчу. Болгону шакирттери менен шарты бар музыкалуу бөлмөлөрдө чогула албай, сабак өтүү үчүн имарат жок эле. Эми, ырчылык мектебинин өз имараты пайда болду.

Күмүш үндүү Замира Мавлянованы устаты, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева куттуктап келди. Замира Мавлянова 20 жылдан бери улуттук филармониянын, 15 жылдан бери Бишкек мэриясынын алдындагы “Семетей” ансамблинин жана Коргоо Министрлигинин алдындагы ырчылар жана бийчилер аскер ансамблинин солисти болуп эмгектенип келе жатат.

Ой-пикир кошуу

кирүү