Эл өкүлдөрү 5 миллион евронун кеңешчилерге берилишине каршы

Сүрөт: Pixabay

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеңештин депутаттары бюджети 39 миллион евро турган долбоорду талкуулашты.

Айыл-чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана экспортоого багытталган “Агрардык-өндүрүштүк сатып өткөрүү чынжырчасын каржылоо” долбоору боюнча каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат берди. Анын айтымында бул долбоордун алкагында чакан жана орто ишканаларга кредит берилет.  “Долбоордун жалпы бюджети 39 миллион еврону түзөт жана анын 9 миллиону кайтарымсыз грант түрүндө учурда берилип жатат”-деди министр.

Адылбек Касымалиев, КР финансы министри. Сүрөт: Kabar

Министрдин айтымында 22 миллион еврону  Европа инвестициялык банкы берет,5 миллион еврону кайтарымсыз грант түрүндө Европа союзунун Борбор Азия үчүн инвестициялык фонду кошумча каржылайт. 3 миллион швейцария франкы Швейцария мамлекеттик катчылыгы тарабынан грант катары берилет.

Жогорку Кеңеш / Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Эл өкүлдөрүнө берилип жаткан 39 миллион евронун 5 миллиону кеңешчилерге бөлүнгөнү жакпады. “Кредиттик насыялар банктарга берилет, алар дыйкандардын  жазган долбооруна ылайык насыя бөлүп беришет.Үчүнчү тарап болуп консультанттардын бул жерде зарылчылыгы жок”-дешти депутаттар. Жыйынтыгында, маселе сессияда каралганда “Айыл банк” жана РСК банктары сөзсүз катышсын,кеңешчилерге берилчү 5 миллион евро каражаты кайдан чыккандыгын тактоо тапшырламалары берилди.

Ой-пикир кошуу

кирүү