“Токой кодексине” жана “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеңештин депутаттары токой фондуна кирген жайыттардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке калтырууну талкуулашты.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Мирлан Бакиров өзү демилгелеген мыйзам боюнча жайыттардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү айыл-өкмөттөрүнө калтыруу туура болоорун айтты. “Анткени, дотацияда турган 84 % айылдардын бюджетине түшкөн каражаттар дотациядан чыгарууга жардам берет”- дейт депутат.

Кыргызстандагы 9 миллион гектар жайыт жеринин 1 миллион 200 миң гектары токой фондуна тиешелүү. Өкмөттүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин өкүлү Нурлан Жумаев сунуш кылынган мыйзам долбоорго каршы экенин айтты. Анын маалыматында өлкөнүн жалпы аянтынын 6% гана токой эсептелип, стратегиялык маанилүү жайлар болуп саналат. Нурлан Жумаев мыйзамга каршы экенин билдирди. “Токой фондунан түшкөн каражаттар токойлорду көбөйтүүгө жана аларды сактоого жумшайбыз”-деди ал. Бул мыйзам долбоорго айыл-чарба жана каржы министрликтери каршы эместигин билдиришти.

Жыйынтыгында токой фондуна түшкөн каражаттар кыскарбаш керектиги эскертилип,токой фондундагы жайыттардын канча пайызы пайдаланылып жаткандыгын тактоо тапшырмасы берилди. Айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоордун концепциясы жактырылды.

Ой-пикир кошуу

кирүү