Тышкы Иштер министрлигине жаңы талапкер сунушталды

Cүрөт: КР Тышкы Иштер министрлиги

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Премьер-Министр Мухамметкалый Абылгазиев тарабынан Тышкы Иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековтун талапкерлиги көрсөтүлгөнү маалым болду.

Бул маалыматты Өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктаганын массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Чыңгыз Айдарбеков бир жарым жылдан бери Кыргызстандын Япониядагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматында иштеп жүргөн. Ал 41 жашта,Бишкектеги Эл аралык университетинин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” факульеттерин аяктаган. 1998-жылдан баштап 10 жыл аралыгында Тышкы Иштер министрлигинде катчы,атташе,бөлүм башчы кызматтарында иштеген.

2012-2016-жылдар аралыгында Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин протокол бөлүмүнүн башчысы болгон.

Чыңгыз Айдарбековтун талапкерлиги  2012-жылдан тарта 6 жыл Тышкы Иштер министри болуп иштеген Эрлан Абдылдаевдин ордуна көрсөтүлүүдө. Эрлан Абдылдаев үстүбүздөгү жылдын 12-октябрь күнү өз арзынын негизинде кызматтан бошотулган.

Мыйзам боюнча Өкмөт башчы кеткен министрдин ордуна талапкер көрсөтүп сунушун Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Жогорку Кеңеш Өкмөт башчысы сунуштаган талапкерди карап чыгып жактырышы керек. Ал талапкерге макулдугун берип президент жарлыкка кол коет.

Ой-пикир кошуу

кирүү