Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Бакиров жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттар ошол аймактагы жергиликтүү айыл өкмөтүнүн бюджетине түшө турган мыйзам долбоорду демилгеледи.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик токой фондусунун жайыттарын пайдалануудан түшкөн акча каражттары республикалык бюджетке түшөт.
Мыйзам долбоордун тактама-негиздемесинде жазылгандай өз аймагында мамлекеттик токой фондусуна кирген жайыттары бар көпчүлүк айыл өкмөттөрү дотацияда тураары белгилүү. Тагыраагы, бюджети жетишпейт жана республикалык бюджеттен каржыланат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына ылайык мамлекеттик токой фондусунун жайыттарында мал-жанын баккан жарандардан түшкөн акча каражаты:
1) 01.01.2016 жылга карата – 15 824 033 сомду;
2) 01.01.2017 жылга карата – 18 753 977 сомду;
3) 01.01.2018 жылга карата – 14 691 686 сомду түзгөн.
Мыйзам долбоордо токой фондуна кирген жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке калтыруу нормалары жазылган. Токой фондунда жөнөкөй жайыттардан башка өзгөчө кайтарылган табигый жайлар да бар. Демилгеленген мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда жүрөт. Мыйзам долбоордун толук тексти менен бул жерден таанышса болот.
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамеки чегүүдөн жана тамеки түтүнүнүн тийгизген таасиринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору жарандар тартчу насывайды өндүрүү, ташып кирүү жана сатуу-жүгүртүү маселесин чечүүнү сунуш кылат. […]
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык эсебин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоордун максаты 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире […]