Кыргыз-Белорус кызматташтыгы дагы бир жолу бекемделди

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бишкекте Өкмөттөр аларык Кыргыз-Белорус кызматташтыгынын 8-кеңешинин протоколуна кол кою аземи болду.

Бүгүн эртең менен Бишкекке Белорусиянын айыл-чарба министри Леонид Заяц баш болгон чоң делегация эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү максатында уюштурулуп жаткан кеңешмеге эки күндүк иш сапары менен келишти.

Өкмөттөр аралык Кыргыз-Белорусия комиссиясынын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча 8-кеңешинин отуруму айыл-чарба, тамак-аш,өнөр-жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин төрагалыгы астында өтүп жатат.Анда эки тарап 7-кеңештин отурумунан кийин эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жаатындагы жетишилген ийгиликтер болгонун белгилешип, мындан аркы жасала турган кадамдар менен иш-аракеттер туурасында сүйлөшүштү.Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык Кыргызстан менен Белорусиянын ортосундагы товар жүгүртүү 2017-жылы 91,7 миллион долларды түзүп, бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 91,4пайызга көбөйдү дегенди билдирет.

Жыйынтыктоочу протоколдо эки тарап тең бири бирине инвестиция тартууга кызыкдар экенин белгилешти. Өкмөттөр аралык комиссия эки өлкөнүн Соода-өнөр-жай палаталарына биргелешкен бизнес-форум уюштурууну тапшырышты.Белорусиядан Кыргызстанга автобус,троллейбус,трактор жана башка унаа техникаларын алып келүүнү ыкчамдатуу керектиги айтылды. Эки өлкөнүн Өкмөтүнүн өкүлдөрү мектептерге ысык тамакты толук кандуу жеткирүү максатында Кыргызстанда сүттү кайра иштеп чыгаруучу биргелешкен чоң ишкана ачууга белсеништи.

Соода экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык Кыргыз-Белорус комиссиясынын бүгүнкү отурумунда Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Белорусиянын Транспорт министринин орун басары Иван Ребковец менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Ой-пикир кошуу

кирүү