Анара Мамбеталиева кайрадан кызмат ордуна барат

Сүрөт: Knews

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги Анара Мамбеталиеваны чакырып 19-октябрдан баштап жумушка чыгуусун айткан.

Анара Мамбеталиеванын айтымында 17-октябрь күнү мамэкотехинспекциянын директору Жолдошбек Жунушев Мамбеталиеванын колуна аны кызматтан алынганы туурасындагы буйрукту 19-октябрдан баштап жокко чыгарган буйругун берип, “19-октябрдан баштап ишке чыгыңыз”-деген.

Анара Мамбеталиева. Сүрөт: Aзаттык Үналгысы

Анара Мамбеталиева үстүбүздөгү жылдын август айында мыйзамсыз жумуштан алынган соң мамэкотехинспекциядагы коррупциялык жолду ачыктап президент Сооронбай Жээнбековко кайрылган. Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысынын бул кайрылуусу коомдо чоң резонанс жаратып, жыйынтыгында коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзгөн. Анын негизинде Анара Мамбеталиева мыйзамсыз иштен алынганы жана мамлекеттик инспекцияда акча маселесине байланышкан бир топ мыйзам бузуу фактылары аныкталган.   

Ой-пикир кошуу

кирүү