Чыңгыз Айдарбеков Тышкы Иштер министри болуп дайындалды

Сүрөт: BBC

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Эки күн мурун Премьер-Министр Мухамметкалый Абулгазиев тарабынан сунуш кылынган талапкер боюнча президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койду.

Ага ылайык 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министри болуп дайындалды. Бул боюнча Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-Министр Мухамметкалый Абулгазиевдин Чыңгыз Айдарбековтун талапкерлигин сунуштаган учурда ал Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматында иштеген. Эл Аралык университетин аяктап “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистигине ээ. Чыңгыз Айдарбеков 10 жыл аралыгында Тышкы Иштер министрлигинин түзүмүндө түрдүү кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш жана протокол бөлүмдөрүндө да эмгектенген.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү Өкмөт башчысы сунуштаган Чыңгыз Айдарбековтун талапкерлигин Тышкы Иштер министрлигине жактырып колдошту. Анын жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Чыңгыз Айдарбеков президент Сооронбай Жээнбековтун жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер министри болуп дайындалды.  

Ой-пикир кошуу

кирүү