Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Сүрөт: Pixabay
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
17-октябрда Жогорку Кеңештеги укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Вице-Премьер-Министр Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрүн чакырып “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат укту.
Өкмөт өкүлдөрүнүн берген маалыматы боюнча акыркы бир жыл ичинде катталган 4469 жол кырсыгынан 612 адам каза болгон. Анын ичнен 77си жаш балдар жана өспүрүмдөр.
Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрайымы Наталья Никитенко “Коопсуз шаар” долбоору 8 жылдан бери ишке ашпай келе жатканын айтып,өлкө аймагында жол кырсыктары аябай көбөйгөнүн жана долбоорду ишке ашырууну эч ким көзөмөлгө албай жатат деди. Кесиптешинин сөзүн колдогон Бакирдин Субанбеков Тажикстан менен Казакстанда мындай долбоорлор аз эле суммадагы акча каражатына ишке ашырылып, учурда иштеп жатканын кошумчалады.
Искендер Матраимов бул долбоордун ишке ашпай жатканына кийлигишти деп УКМКны күнөөлөп, убагында 85 миллион долларга бааланган долбоордун баасы учурда 32 миллионго түшүп калганына кызыкты.
Вице-Премьер-Министр Кубатбек Боронов айтылган сын-пикирлерге жооп берип жатып, жол ирээтин көзөмөлгө алган 54 видео байкоо жабдуулары орнотулаарын айтты. Андан сырткары жол эрежесин бузгандарды аныктаган 20 жана Бишкекте стационардык 34 видео байкоо техникасы иштеп баштайт деди Боронов.
Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Өкмөттүн “Коопсуз шаар” боюнча берген маалыматын канаааттандырарлык эмес деп таап, маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгып кароо чечимин кабыл алды.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]