Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Мындай оюн белгилүү серепчи Марс Сариев саясий жана коомдук ишмерлер, ошондой эле эксперттер катышкан тегерек столдо айтты.
Анын пикиринде бийлик саясатка өтө эле киришип, экономика тармагын такыр эле унутуп калышты.
Белгилүү эксперттер менен белдүү серепчилердин башын бириктирген бул тегрек столдо Кыргызстандын бүгүнкү күнүнө баа берген түрдүү пикирлер айтылды.
Эксперттердин баарлашып,пикир алмашуусунун негизги максаты мамлекеттин өнүгүүсүн камсыз кылууда саясий элита менен жарандык коомдун биригүүсү аркылуу коомдо макулдашууларга жетишүүнү жана зарыл болгон саясий консолидацияны талкуулоо.
Тегерек стол “Президенттик шайлоодон кийин бир жыл өттү. Кыргызстан саясий консенсус менен консолидацияны издөөдө” деп аталып, анын алкагында Кыргызстандын коомдук-саясий турумшунда президенттик шайлоодон кийин эмне өзгөрдү, Президент институту саясий арбитрби,өлкөбүздүн экономикалык жактан өнүгүүсү жана коомдук-саясий туруктуулугу саясий консенсуска келүүнүн негизиби деген суроолорго жооп изделди. “Пикир” аймактык эксперттер клубунун негиздөөчүсү, белгилүү серепчи Игорь Шестаковдун айтымында кийинки парламенттик шайлоолорго жакын калды, бул шайлоолор укуктук жактан таза өтүшү керек.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]