Жогорку Кеңеш 18-октябрдагы жыйында аба каттамдары туурасындагы маселелерди карашты

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн “Кыргыз Республикасынын аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Бул мыйзам долбоорду бир топ депутаттар демилгелегени менен Абдывахаб Нурбаев доклад жасады. Мыйзам долбоордун тактама-негиздемесине жазылгандай максат – авиатранспорттук жүргүнчү жана жүк агымын жогорулатуу, жарандык авиацияны өнүктүрүү, Кыргызстанда “Ачык асман” саясатын жана “Аба эркиндигинин бешинчи даражасын” бир тараптуу жарыялоо менен эл аралык аба каттамдарын жана авиабилеттерин жеткиликтүү кылуу болуп саналат.

Депутаттар Кыргызстан ичиндеги аба каттамдарынын баасы эмнеге кымбаттап кеткенине кызыгышты. Айсулуу Мамашова Бишкек-Ош каттамына болгон билеттин баасы 8 миң сомдон кем эместигин айтты. Депутат Улукбек Ормонов ачык асман саясатынын бир тараптуу болушуна макул эместигин билдирип каршы пикирин айтты.

Депутаттардын берген суроосуна айтылган жоопто “Ачык асман саясаты” дүйнөнүн 19 өлкөсүндө иштеп жатканы маалымдалды. Бул учурда Кыргызстанга келчү туристтер үчүн гана авиабилеттердин баасы 40% арзандаары айтылды.Талкуу учурунда бул мыйзам долбоор Өкмөт мүчөлөрүнүн депутаттар менен кошо биргеликте даярдаганы ачыкталды. Эл өкүлдөрү аба эркиндигинин бешинчи даражасы кандай тартипте жана ким тарабынан берилерин такташты.

Аба каттамдар жөнүндөгү бул мыйзам долбоору бир катар депутаттар тарабынан кызуу талашка түшүп, жыйынтыгында добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына 104 депутат катышып, каттоодон өткөн 104 депутаттын ичинен 102си бул мыйзам долбоорду колдоп, 2 депутат каршы добуш берди.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү