Чыңгыз Айтматов – кыргыз элинин символу

Cүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеңеште өткөрүлгөн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияда белгилүү саясатчылар, акын-жазуучулар жана коомдук ишмерлер залкар жазуучу жөнүндө өз ой-пикирлерин жогорку трибунадан айтышты. 

Илимий практикалык конференциянын катышуучулары Медеткан Шеримкулов,Абдыганы Эркебаев,Осмонакун Ибраимов, Мар Байжиев,Роза Айтматова,Жумагул Сааданбековтор улуу калемгердин юбилейине карата чыгып сөз сүйлөшүп, Айтматов кыргыз элинин сомволу экенин белгилешти.

Абдыганы Эркебаев өз сөзүндө Айтматов айыл-чарба окуу жайын аяктап,зоотехник,эсептегич кызматында иштесе да мыкты журналист болуп, бүткүл союздук белгилүү үлкөн гезиттин Орто Азия боюнча кабарчысы болгонун эскерди.Кайсы гана кесипте иштебесин өспүрүм курактан баштап чыгармаларды которуп, макала,аңгеме жазып бара-бара дүйнөгө таанымал классикалык чыгармаларды жазган бакыйган залкар жазуучу болгон. “СССР маалында кандай жогорку сыйлыктар болсо баарын алды”-дейт Абдыганы Эркебаев. Экс-спикер, Чыңгыз Айтматов бийлик менен жакшы мамиледе болуп, мамлекеттик жогорку кызматтарда иштегенин айтып,эч ким менен урушпай,жаман мамилеге барбаганын эскерип, бирок, ичиндеги айта турган сөзүн залкар жазуучу өз чыгармаларында жазганын айтты. Абдыганы Эркебаев “Айтматов өлөөр алдында бийлик аны капа кылып,кызмат бербеди”-деди. “Бишкектеги бир көчөнү экиге бөлүп, ошол кичинекей бөлүгүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарышыптыр.Бул уят”-дейт Эркебаев. Дүйнө инсаны Чыңгыз Айтматовко тете урмат көрсөтө албай жатканыбызды айткан Эркебаев Бишкектеги көпчүлүк имараттардын курулушуна чоң салымын кошкон Турдакун Усубалиевдин ысымы да эч жерге бериле электигин кошумчалады. Жакында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ысык-Көлдө уюштурулган эл аралык иш чарага жалаң чиновниктер келгенин айтып кейиген Абдыганы Эркебаев убагында Айтматов өзү уюштурган иш-чараларга дүйнөлүк деңгээлдеги гиганттар келишкендигин эскерди.

Саясат таануу илимдеринин доктору Жумагул Сааданбеков “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы трагизм Шекспирдин чыгармаларынан ашса ашат,кем калбайт”-деди. Ал өз сөзүндө “Жамиля” тасмасынан кийин кыргыздын сүйүүсү деп эл экиге бөлүнүп талашкан учурду эстеп, “Атаганат,азыр ошондой талаш болсочу”-деп кейиди. Чыгармалардагы окуяларды талашкандын ордуна азыр элдин оокат,мал,бийликти талашканын айтып сындады. Жумагул Сааданбеков депутаттарга кайрылып “Жалпы адамзат үчүн жооп бере албасак да өзүбүздүн өлкөбүздөгү экологияны сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Талашканыңар коррупция,андан көрө экология сыяктуу масштабдуу маселени козгоп,көтөрбөйсүңөрбү”-деди. Андан сырткары Жумагул Сооданбеков Биринчи май,Ленин,Октябрь, Свердлов деген сөздөрдү Орусия өзү эчак ыргыткандыгын айтып, “Бишкектеги Биринчи май районун Айтматов району деп өзгөртсө неге болбойт”-деп депутаттарга суроолуу карады. “Ушул 4 районго Айтматов,Усубалиев,Раззаковдордун ысымын неге бербейсиңер”-деп кайрылды.

Жогорку Кеңештин депутаты, бир нече чыгармалардын автору, көптөгөн китептерди жазган Каныбек Иманалиев “Чыңгыз Айтматов көзү өтүп кетсе да тирүү адамдай таасир калтырат”-деди. Депутат Жогорку Кеңеш көптөгөн мыйзамдарды кабыл алат, бирок кыргыз эли эчен жылдардан бери адеп-ахлак кодекси менен жашап келгенин айтты.

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция.Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутаттар катышып, сөз сүйлөйт. Андан тышкары Улуу калемгер Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу илимдин докторлору, академиктер баяндама жасайт.

Опубликовано Жогорку Кенеш Четверг, 18 октября 2018 г.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү