Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Сүрөт: Sputnik
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Мындай жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкта Ахметованын башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы жазылат.
Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана каржылык саясат бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова Атамбаевдин учурунда көптөгөн жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.
Учурда тергөө камагында отурган мурдагы Өкмөт башчысы Сапар Исаковтун жактоочулары Президенттик аппараттын бөлүм башчысы Нурсулу Ахметованы да суракка чакыруу керектигин айтып, сотко кайрылышкан. Мындай сунушун Исаковтун жактоочулары Сапар Исаковтун Алмазбек Атамбаевке жазган катына Нурсулу Ахметова да кол койгону менен түшүндүрүшкөн.
Бишкек ЖЭБи (ТЭЦ) боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия да ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоого жооптуу чиновниктердин тизмесин ачыктаган. Ал тизмеде Нурсулу Ахметованын да ысымы аталган болчу.
Нурсулу Ахметова 2015-жылы Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы кызматын да ээлеген. Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана каржылык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нурсулу Ахметова 2018-жылдын февраль айынан бери иштеп келе жаткан.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]